Министр: «Эки айдын ичинде коронавируска каршы эмдөө башталат»
- 18.01.2021, 16:15,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вакцина сатып алууга ири каражат керек. Каражат бөлүнсө, 2 айдын ичинде эмдөө башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтканына караганда, Кыргызстан Россияда өндүрүлгөн вакцинаны сатып алууну пландап жатат.
«Вакцина келсе, биринчи болуп өзүм, үй-бүлөм эмдөөдөн өтөт. Андан соң дарыгерлер эмдөөдөн өтүшөт», — дейт Бейшеналиев.