УКМК кармап кеткен кримавторитет "Алтуха" үй камагына чыгарылды
- 16.01.2021, 10:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМК тарабынан кармалган "Алтуха" деген каймана аты менен таанымал кримавторитет Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдардагы өздүк булактарына таянып, айрым маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту кечээ, 15-январда караган. Анда Алтынбек Ибраимов 2 ай ичинде кечки 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин үйүнөн чыкпаш керек деген чечим чыккан.
УКМК кримавторитетти 13-январда кармаган, ага чейин профилактикалык баарлашууга ИИМ чакырып, ага коомдук тартипти сактабай, мыйзам бузса жоопко тартылары эскертилген болчу.