У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


16 жашар кызга нике кыйганы үчүн дагы бир молдо соттолду


Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында айылдын имамы жашы жете элек 16 жаштагы кызды документин карабай, 18 жашка толгонун сурабай жана нике китепке каттабай нике окуган деп айыпталып, 3 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс мыйзамы менен жазадан бошотулду. 

Тергөөдө молдо кыздын турмуш курууга эрте экенин билген эместигин айткан. Ал эми кыз жана анын жолдошу молдонун күнөөсү жок деп эсептешет. Анткени алар өз эрки менен баш кошушкандыгын сотто айтышкан.  Өкүм жогорку соттун расмий сайтына 11-январь күнү жарыяланды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter