У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө 13 жашар баланы зордуктоого аракет кылган жаран 13 жылга соттолду


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту 13 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылып,  адамдын обна келгис аракеттерди жасаган айыпталуучуну 13 жылга эркинен ажыратты. Аталган өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Эске салсак, окуя 2020-жылдын 27-28-февралына караган түнү токойдо болгон. Анда соттолуучу 13 жашар баланын оозуна К.Ш. жыныстык мүчөсүн салып жана аналдык тешигине жыгач киргизип жаткан жеринен өспүрүмдүн атасы көрүп калган. Бул ишке карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анда бала жаракат алганы аныкталган.

"Өспүрүм педагогдордун жардамы менен суракка алынганда шектүү менен кечке чогуу жүргөнүн, түн киргенде айыпталуучу аны муштуму менен бетке чаап, шымын жана ич кийимин чечип жыныстык мүчөсүн оозуна салганын, ошол учурда ал жерге атасы жана байкеси келип калганын айткан".

Айыпталуучу К.Ш. Ак-Суу районунун айылдарынын биринде туулган, үй-бүлөсү менен ажырашкан, билими орто, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Сотто күнөөсун мойннуна алган эмес. 

Баланын атасы уулуна соттолуучу оозго албай турган жорукту жасаганын айтып, зордукчулду өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнгөн: 

"Балам машыгууга кетип, үйгө келчү убактысынан кечиге баштады. Болжол менен саат 20:00 чамасында издеп чыктым. Айылдаштар баламды айыпталуучу К.Ш. арабасына салып, башка айылга кетишкенин уктум. Ал ортодо баламды алып келүү үчүн дагы телефон чалдырттым. Ал ортодо үйгө балам келип калгандыр деп келдим, бирок саат түнкү он эки болсо дагы келе элек экен. Кайра кошунанын унаасы менен издеп чыгып, арабанын изин кубалап барып уулумду таптык. Барсам уулумдун шымы жана ич кийими чечилип, анын үстүндө айыпталуучу шымы жана ич кийими жок турган. Шектүү бизди көрө калып "силер кимсиңер?" деп сурады. Фонариктин жарыгын көргөндө баланы кыйкырба деп бир жолу чаап жиберди. Уулум түкүрүнүп, анын оозуна жыныстык мүчөсүн салганын айтты. Ал учурда айыпталуучу качып кеткен. Эртеси милиция кызматкерлери келип, аталган жерден камчы табышты", - деп айтып берген.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter