У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


К. Карасаевдин 120 жылдыгына карата “К. Карасаев кыргыз элинин улуу мудариси” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү


 
2021-жылдын 5-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде   КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссия жана КР Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан КР Улуттук Илимдер Академиясынын Ардактуу академиги, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог КР илимине эмгек синирген ишмер К. Карасаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “К. Карасаев-  кыргыз элинин улуу мудариси” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду. 
 
Илимий-практикалык конференцияга КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Элчибек Нуржадыевичтин, Кусеин Карасаевдин кызы Карасаева Алтынай Хусаиновнанын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевичтин, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Иманалиев Кайрат Олжобаевичтин, филология илимдеринин доктору Үкүбаева Лайли Үкүбаевнанын, Каракол шаарынын мэри Джумаев Эрмат Джумаевичтин, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору, Иманбаев Аскар Асангазиевичтин баштаган университеттин окутуучулары жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Алгач ачылыш аземи Каракол шаарынын Пржевальский атындагы меморалдык комплексиндеги Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн музейде өткөрүлдү. Залкар окумуштуу, түркологдун айкелине куран окулуп, тилчинин өмүр жолу, эмгектери эскерилди.

“К. Карасаев - кыргыз элинин улуу мудариси” конференциясы К. Тыныстанов атындагы ЫМУда улантылып, ректор Иманбаев Аскар Асангазиевичке алгачкы сөз берилди. Өзүнүн сөзүндө Аскар Асангазиевич “К. Карасаев өзүнүн артында баа жеткис мурас калтырды. Биздин чыгаан агайыбыздын эмгектерин барктап, бапестеп кийинки муунга калтыруу биздин милдет”, - деп билдирди.

Жаңы муун кыргыз тилинин басып өткөн жолун, улуу инсандардын эмгектерин билүүсү зарыл экендигин, жана бул конференция дал ушул максатты көздөп уюштурулуп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Пленардык кеңешме, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ф.и.д., профессор Иманов Акеш Иманович “К. Карасаевдин адамгерчилиги жана илимпоздугу” темасындагы доклады менен башталды. К. Карасаевди жакындан тааныган Акеш Иманович, көмүскөдө калган эмгектери жана көпчүлүккө билинбеген адамдык сапаттары тууралуу сөз кылды.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ф.и.д., проф. м.а. Дунканаев Абдыкалык Токтогулович, “К.Карасаев жана кыргыз тилинин лексикографиясы” темасындагы доклад окуду. Залкар окумуштуунун кыргыз тилинин фундаментин түзгөн иштери тууралуу талкуу кылды. Ар бир эмгеги азыркы күндө терең илимий изилдөөгө муктаж экендигин баса белгиледи.

Конференциянын соңунда Карасаев таануучу Ибраимов Алихан Жеңишович жыйынтыктоочу сөз айтып, конференциянын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын бүтүрүү аземи К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театрында орун алып, театралдык постановка менен коштолду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter