У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндө Бишкекте чыккан катуу үн кайдан, эмне себептен чыккан?


Түнкү саат 2:50-3:00дөр чамасында Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабынын жашоочулары адаттан тышкары чыккан катуу үндөн улам уйкудан ойгонушту. Бул тууралуу социалдык тармактарда талкууланууда. 

Ал эми "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы кооптонууга негиз жок экендигин айтып, буунун чыгышы ЖЭБдеги кадимки өндүрүштүк процесс деп түшүндүрүштү. Жылуулук борбордон чыккан буунун ылдамдыгы секундасына 7-11 метрди түзгөн.

"Мындан улам катуу үн чыккан. Анан да шаар уйкуда болуп тынчтык өкүм сүрүп жаткан учурда үн алда канча катуу угулду окшойт", — деп жооп берди ишкананын өкүлү.

Учурда бардык жабдыктар кадимки шартта иштеп жатканы, "Электр станцияларына" туташылуу экени айылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter