У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Амандыкова Анара, мугалим: “Кесибимди алмаштырайын деген ой бир да жолу келген эмес”


«Мугалим мөмөлүү дарак» деген эң туура айтылган кеп. Себеби ата-эне берип жетише албаган тарбиянын бардыгын балдар бала бакчадан, мектептен алып келишет. Балдарын коомдо өзүнүн ордун табуусуна жападан жалгыз жардамчы дал ушул мугалимдер жамааты. Түмөн түйшүктүү кесиптин ээси, Е.Якирдин атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин мугалими Амандыкова Анара Шүкүрбековна менен маектештик.

  • Анара эже, билим берүү тармагында канча жылдан бери кызмат кыласыз?
  • Билим берүү тармагында иштегениме быйыл 27 жыл болду. Азыркы иштеп  жаткан мектебиме иштегениме туура 20 жылдын жүзү болду. Ага чейин жолдошумдун кичи мекенинде, ата-энебиздин жанында жашап, ошол айылдын мектебинде 7 жыл эмгек кылдым.  Борборго келгенден тартып, “дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, Е.Якирдин атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейинде эмгектенип келе жатам. Учурда мектептин директорунун орун басары кызматындамын. 

  • Ар бир кесиптин оор жана жеңили бар. Сиздердин кесип өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат.Кээде чарчаган кезде маянасы көбүрөөк ишке өтүү тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
  • Бул кесип чындыгында оор, бирок ошончолук кызыктуу,  өзүнө тартып турат. Албетте абдан көп энергиябыз кетип чарчап калабыз, бирок кайра балдар менен иштей келгенде эле ошол чарчаганымды унутуп, жаңы дем, жаңы күч менен иштеп калам. Мектептен чарчап келгенде үйгө келип алып, сайма сайуу менен алектенем.

  • Сайма сайып жатып мектептеги балдардын кылык-жоруктарын, айткан сөздөрүн эстеп кээде күлкүм келет, кээде капаланам дегендей. Ошентсе да кесибиме болгон сүйүүмдүн күчтүүлүгүнөн уламбы, айтор кандай чарчасам да, кыйналган күндөр болсо да эртеси кайра эле балдарды, ишимди сагынып сүйгөн мектебиме барып калам. Кесипти алмаштырууга бир да ой келген эмес жана келе элек. Менин оюмча ушул кесиптин арты менен ардактуу эс алууга чыгат болушум керек. 

  • Окуучулардан эң биринчи кандай сапатты талап кыласыз?
  • Эң биринчи окуучулардан адамгерчиликти талап кылам. Өйдө болсоңор да, ылдый болсоңор да адамдык бийик сапатыңарды жоготпогула деп көп айтам. Бири-бириңерди сыйлап, жакшы мамиледе болгула, бүтүп кетесиңерби, дагы окуйсуңарбы, кандай болгон күндө да биримдигиңер бекем болсун дейм. Буга кошумча эч качан калп айтпоону талап кылам. Болгонун болгондой чындыкты сүйлөсөңөр чындык эч убакта жерде калбайт деп үйрөтөм. Жакшы окуп, жакшы балдардан болууларын каалап эле келе жатам, каалай бермекчимин.

  • Эми өзүңүз жарык дүйнөгө алып келген балдарыңыз, үй-бүлөңүз тууралуу да айтсаңыз?
  • Жолдошум Кожобеков Афтандиль милициянын подполковниги. Биз эки кыз бир уулду тарбиялап өстүрүп, билим бердик. Үчөө тең өз кесиптерин сүйүп, эмгектенип жүргөн учуру. 
  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter