Коронавирустун жаңы, күчтүү түрү Түркияда да катталды
- 02.01.2021, 14:15,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Буга чейин Британияда катталып, дүйнөнүн бир топ мамлекетине тарай баштаган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды.
Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады.
Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди. 1-январдан баштап Түркия Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады.