У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыйзамсыз жер сатып кармалган "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси үй камагына чыкты


Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

"Соттун токтому менен Түлөбердиев 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот", — дешти соттон.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган. 24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Түлөбердиев жана бул ишке шектүү дагы бир адам кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter