У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси коррупция беренеси менен кармалды"


Бишкек мэриясына караштуу "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык кызматынын жетекчиси мыйзамсыз жер тилкелерин сатуу иши боюнча кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, ал  убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин өзү билип сатып жиберген.

"2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын айрым кызмат адамдары өз кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында аукциондо жеңип чыгууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар менен кылмыштуу бүтүмдү түзүп, алдын ала жеңүүчүлөрдү аныктап, жер участоктору боюнча жасалма аукциондорду өткөрүшкөндүгү аныкталды.
Тиешелүү тергөө иштеринин алкагында 24-декабрда "коррупция" беренеси менен "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси А.Т. жана мыйзамсыз сатууга тиешеси бар делинген З.М. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter