Депутат Дастан Бекешев КТРКнын үстүнөн БШКга арыз жазды
- 28.12.2020, 11:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев Коомдук телерадио берүү корпорациясынын үстүнөн БШКга даттанды.
Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат булактарына кабарлады.
Маалыматка караганда, депутат КТРКнын жетекчилигин мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө айыптаган.
"
Дастан Бекешев 23-декабрда саат 19:00дөн 20:00гө чейинки убакта КТРКнын эфиринде Кыяс Молдокасымов президенттик башкаруу формасын колдоп, үгүт жүргүзгөнүн, мындай аракет мыйзамга каршы келерин белгилеп, КТРКнын жетекчилигин жоопко тартууну талап кылды", - деди басма сөз кызматкери.