У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токон Мамытов Баш мыйзамдын долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө Венеция комиссиясынан көмөк сурады


Акыйкатчы Токон Мамытов Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынан  Кыргызстанда Баш мыйзамдын сунуш кылынып жаткан жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранды.

Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы 27-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда Мамытов комиссиянын  төрагасы Жанни Букикиого кайрылган. Омбудсмен коомдук талкууга коюлган долбоордун өзү да, конституциялык реформа канчалык зарыл деген маселе да талкууланып жатканын айтты. Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга канчалык шайкеш келери боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөк сурады.

18-ноябрда Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялаган. Бул жыйынтык Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.
Андан мурда «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоо мөнөтүн өзгөртүү тууралуу чечими боюнча Конституциялык палатага арыз жазган эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter