У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус. Жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоону да жылдыруу зарыл…


Коронавирустун айынан жергиликтүү кеңештердеги шайлоо артка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы вирустун эл ичине тарап кетпешине да көңүл буруу зарыл. Бул абдан туура кадам болот. Анткени, аш-тойду токтотуп жатып, шайлоону токтотпой өтсүн деген туура эмес болуп калат. Элдин саламаттыгынын коопсуздугун ойлосок, шайлоо өнөктүгүн да токтотуу зарыл. 

Эскерте кетсек, 12 апрель күнү өлкөнүн Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы, жана Майлы-Суу шаарларында, андан башка 25 айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter