У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош облустук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды


 
Жеңишбек Абидов Ош ОИИБнин убактылуу башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган милициянын полковниги Абидов Жеңишбек Эсеналиевичти башкармалыктын өздүк курамы менен тааныштырды.
 
Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын генерал-майору Малик Апсаматович Нурдинов ден-соолугуна байланыштуу  өзүнүн жазган арзынын негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter