У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус. Тажикстан мечиттерин жабат...


Жугуштуу илдеттин айынан кандай жол менен болсо да коргонуп, калктын саламаттыгын сактап калалы деген мамлекеттерин катарында Тажикстан да бар. Алар коронавирустун алдын алуу максатында эл көп чогулган үч мечитти жабуу чечимине келишти. 

Душанбе шаарындагы борбордук мечиттин имамы Абдулхак Обидов жарандарды убактылуу мечиттерде намаз окубай турууга чакырып, мындай чечим коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн кабыл алынганын айтты. «Урматтуу мусулмандар, бизди туура түшүнүңүздөр. Бизге ушундай буйрук келди», — дейт имам.

Бактыга жараша Тажикстанда коронавирус катталган эмес. Бирок жарандардын саламаттыгы үчүн түрдүү чараларды көрүп жатышат. Буга чейин Кытайдан жана башка мамлекеттен келген жарандардан оору аныкталбаган күндө да, алар 2 жума карантинге жаткырылган.  
 

Ал эми Кыргызстанда да вирустун алдын алуу максатында мечиттерге барбай туруу сунушталып, бирок Кыргызстан дин башкармалыгы тарабынан жарандардын мечитке баруусуна тыюу салууга болбойт экендиги айтылган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter