Бишкектеги кудуктардын биринен дагы бир эркек кишинин сөөгү табылды
- 25.12.2020, 10:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
ӨКМнын басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Свердлов районунда кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, жансыз дене 24-декабрь күнү саат 17:47де Восток 5-кичи районунда жайгашкан №24Б үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган.
Болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.