Бишкектеги батирлердин биринен 72 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
- 02.11.2020, 10:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бишкектин Свердлов районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден 72 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 1-ноябрь күнү саат 10:10до куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйдөгү батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ичинде 1948-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган.