Адам канчалык менсинбесин тагдырдын алдында алсыз зат турбайбызбы. Кезинде кел-келим келип турганда азыркыдай абалга туш болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Жакшы кызмат, акча, байлык бар эле. Булар эч качан бакыт болуп бере албайт тура. Атам мал-жандуу адам эле, мени Москвага жиберип окутту, ал жактан келип атамдын кадыры менен уинверситте иштеп калдым. Колуңдан келип турганда адамдар карегиңден тең айланып турарын ошондо көрдүм. Ишим жүрүшкөн сайын айланамда курчаган досторум, тааныштарым көбөйө берди.
Кеч үйлөндүм. Себеби бар болчу. Жакшы көтөрүлуп, ишим жүрүшүп турган кезде сөзүм өтүмдүү болчу турбайбы, кимге сөз айтпайын дароо жылуу кабыл алаар эле. Бир күнү өзүм иштеген окуу жайдагы 3-курстун студенти, көзү-кашы кара жакшынакай кызды жактырып калдым. Менин сунушумду четке какпай ал кыз да илбериңки жооп берип, мамилебиз жакшы болуп кетти. Эмнегедир үйлөнүүгө шашылган жокмун, ишиме тоскоол болчудай сезим боло берди. Ошентип ал кыз экөөбүз үйлөнбөй эле бирге жашап калдык. Бир жыл өткөн соң кыздын боюна болуп калды.
Атама үйлөнөм, сүйлөшкөн кызымдын боюнда бар десем таптакыр терс кабыл алып, атын да угузба, эл укпасын жогот деп туруп алды. Эгер алардан баш тартпасаң ишиңден да, үйүңдөн да айрыласың деген талабын койду. Мен жаштык кылган окшойм, атамдан коркконумдан кызды албайм деп чыктым. Ошондогу мөлтүрөгөн жароокер кыздын ыйлаганын, жалбарганын азыркыга чейин унута албайм. Боюман алдырбайм, кийин төрөй албай калам деп баланы калтыруу чечимине келди. Менден түңүлгөндө окуудан да чыгып, таптакыр жок болуп кетти.
Ошентип ишимди иштеп кала бердим, атам досунун кызына сүйлөшүп, сөйкө салып, кыргыздын салты менен кудалап уйлөндүрдү. Жубайым экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшпөй эле, ата-энелердин каалоосу менен жашап калдык. Бизде баары бар, сезим жок. Үйлөнгөн соң балалуу болбой койбойт экенсиң, 1 кыз 1 уулдуу болдук. Турмуш улана берди. Баягы сүйлөшкөн кызымды издеп такыр таппай койдум. Жакын курбуларынан сураштырсам кыз төрөп, апасына таштап, өзү чет өлкөгө кетип калыптыр.
Азыр жашым 55те. 50 жашымда инсульт алып, белимден ылдый жагым кыймылсыз абалга келип, майып болуп калдым. Менин көкүрөгүмдү баш тартып койгон кызым, анын апасынын көз жашы тырмап, ушул ооруга да менин кесирлигим күнөөлүүдөй сезим боло берет. Күнү-түнү өзүмдү жеп, жек көрүп, жан дүйнөм эзилет. Жубайыма да убал болду, жаш кезимде үйгө көнүл бурбай иш, достор менен жүрүп, картайганда минтип анын колун карап, аны бактырып, майып болуп калдым.
Мен кызымды көргүм келет, кечирим сурагым келет...