У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окумуштуулар беткап вирустан канча пайыз коргой аларын айтышты


 
Америкалдагы Физика Институтунун окумуштуулары беткаптын вирустан коргоодогу эффективдүүлүгүн аныкташты. Беткап тагынуу менен эле коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуудан толук сактанууга болот деп айтууга болбойт. Инфекция жуктуруп алуу коркунучун минималдуу болуш үчүн, эки метрдей социалдык аралыкты сактоо керек. Бул тууралуу Physics of Fluids журналына жарыяланган маалыматта айтылат. 
 
Изилдөөчүлөр беткаптар жасалган ар кандай материалдар чүчкүргөндө же жөтөлгөндө вирусту алып жүрүүчү тамчылардын жайылышына кандай таасир этерин талдап чыгышты. Ар бир үлгү тамчылардын санын кыйла азайтат, бирок кээ бир материалдар тамчылардын бир жарым метрден бир аз ашык аралыкка жайылышына жол берип, жакын жердеги адамга жугушу мүмкүн экенин көрсөттү. 
 
№95 респиратор беткабы жөтөлгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп чыккан тамчылардын 100 пайызын өткөрбөй кармады, ал эми кадимки маска тамчылардын болжол менен 3,6 пайызын өткөрдү. Бирок, бир эле чүчкүргөндө, болжол менен 200 миллион вирустук бөлүкчө абага кириши мүмкүн, андыктан тамчылардын кичинекей бир бөлүгү дагы жакын жерде турган адамга оорунун жугуу коркунучун туудура турганын окумуштуулар айтышты. 
 
Адистер вирустан сактануу үчүн 2 метр аралыкты сактоо керек деген жыйынтыкка келишти. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter