У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Буттары байланып, башына баштык кийгизилген". Россияда дагы бир кыргыз жараны аёосуз өлтүрүлдү


Орусиянын маалымат булактары  Санкт-Петербург шаарындагы Приозерск аймагында кыргыз жаранынын жансыз денеси жеке үйдүн жер төлөсүндө табылганын жазышууда.

Маалыматка ылайык, аталган кыргыз жараны бир нече күн мурун дайынсыз жоголуп кеткен.

"Борбор Азиядан келген 45 жаштагы киши бир нече күн мурун күтүүсүздөн дайынсыз болуп кеткен. 17-декабрда ага издөө жарыяланып, 21-декабрь күнү аталган аймактагы Железнодорожная көчөсү-24 дарегиндеги жер төлөдөн анын жансыз денеси табылган.
Полиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, маркумдун буттары байланган абалда жаткан, ал эми башында "Магнит" супермаркетинин баштыгы кийилген жана жаракат алганы байкалган. Аталган кылмышка шектүү катары ошол эле күнү Чапаев көчөсүнүн 18-үйүнөн 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, ага тийиштүү берене менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter