У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


15 жаштагы кызды 2 жыл бою зордуктап келген өгөй ата колго түштү


Токмокто 15 жашар өспүрүмдү 13 жашынан бери  зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында, шектүү 21-декабрда камалган.

"Мени прокурор "тез арада келиңиз" деп чакырды. Анткени кыздын өгөй атасы күнөөсүн моюнуна албай жатыптыр. Таенесине милициялар барса, ал аларды кубалап чыкты дешти. Анан мен таенесине барып аны Токмок РИИБине алып бардым, прокурорго ал күбө катары болгонун болгондой айтып берди, видеосунан бери бар. Анда ал өгөй атасы кызга кандай ыдык көрсөткөнү тууралуу көргөндөрүн, байкап жүргөнүн айтып берди. Өспүрүмдү зордуктады деген өгөй ата кечээ кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эми СИЗОго которулат", - деп билдирди Шердор Абдыкапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter