У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдүн тургуну 16 жаштагы өспүрүмгө үйлөнгөнбү?.. Милиция билдирүү боюнча териштирүүнү баштады


 
Ысык-Көл облусунда 31 жаштагы жарандын жашы жете элек кызга үйлөнгөндүгү тууралуу маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Анын айтымында, Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн мындай факт боюнча арыз түшкөн эмес.
 
«Бирок, жактоочу Камил Рузиевдин билдирүүсү райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалымат журналына катталды. Бул окуя болгон айылда райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу билдирүүдө көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо үчүн жөнөп кетишти », - деп билдиришти башкармалыктан.
 
Буга чейин адвокат Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну нике жөрөлгөсү аркылуу 16 жаштагы кызга үйлөнгөндүгүн билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter