Келинчегим экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 7 жыл болгон. Ортобузда 4-6 жаштагы бир уул бир кызыбыз бар. Турмуш-шартка байланыштуу эл катары батирден батирге көчүп жашап келгенбиз. Кыйналган күндөрүбүз көп болду, батирдин акчасын араң чыгарып, балдардын курсагын араң тойгузуп жашап жаттык эле. Анын үсүнө пандемия кендирди кесип, ал иштеген тигүү цехтин да, мен иштеген курулуш компаниясынын да иши токтоп калган.
Жетпеген турмуштун айынан көп урушкан адат тапканбыз, жашырганда эмне кээде ачуум келгенде какыс-кукус кылып койчумун. Акыркы кезде жашоого көңүлү келбей калганын көп айтып калчу. Мен "2 бала менен сени ким алмак эле?" деп ого бетер ачуусуна тийчү окшойм. Чын эле 2 бала менен эч жакка кете албайт го деп ойлогом. Бирок 1 жума мурда келинчегим Туркияга мага айтпай кетип калыптыр.
Түндө коноктон келип жакшы эле чай ичип уктаганбыз. Эртең менен турсам келинчегим кийим-кечеси менен жок. 2 балам да жок. Болгону бир барак кат таштаптыр. Катта мени менен жашаган 7 жылга ыраазы экенин айтып, мындан аркы өмүрүн балдарга арнайт экенин, алардын келечеги үчүн Түркияга иштеп кеткенин жазыптыр. Балдарымды болсо кайын энем алып калыптыр.
Балдардын ойгонгонун, үйдөн чыгып кеткендерин кантип сезбей калдым экен? Менин оюмча түндө мага уктаткан дары берип койгон окшойт, демейде эрте турган жаным ал күнү түштө араң ойгондум. Келинчегим ошо менен кайра чогуу жашабай тургандыгын, мага бакыт каалаганын жазыптыр. Ата-энем айылда турушат, аларга да айтпаптыр, эми кандай кылам?