У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир үй-бүлөдөн 6 адам каза болуп, 4 жашар кыз ооруканада. Токмоктогу жол кырсыгынын чоо-жайы


Кечээ, 20-декабрда Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталып, андан 8 адам каза болгону айтылды. Тилекке каршы алардын алтоосу бир унаада бара жаткан бир үй-бүлөнүн адамдары болгон.  Алар Токмок шаарында кызы өткөргөн тойдон кетип бара жатышкан.

ӨКМ Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн кабарлаган.
Ишенимдүү адамдардын айтымында, Volkswagen автоунаасынын ичинде жети адам болгон.

"Каза болгондор Ысык-Ата районуна караштуу мурдагы Красный Восток (азыр Нурманбет деп аталат) айылынын тургундары эле. 35 жаштагы жигит атасын, апасын, келинчегин жана үч баласын салып Токмок шаарында болгон тойдон үйүнө бара жатканда кырсыктаптыр. Эки баласынан башкасы ошол жерден каза тапкан. Бирок кичүү баласы ооруканага жеткенде үзүлүптүр, кызынын абалы оор деп уктук", — деди көз жумгандардын тааныштары.

Ал эми каршылаш чыккан унаадан 2 адам каза болгону айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter