Сутка ичинде вирустан 4 адам каза болду, 85 бейтаптын абалы оор
- 19.12.2020, 10:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада коронавирус төрт кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Алар:- Бишкек шаарында — 1;
- Ош облусунда — 2;
- Баткен облусунда — 1.
Кыргызстанда жалпысынан COVID инфекциясынын 1 328 адам каза болду.
Учурда стационарда Кыргызстан боюнча 1694 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
24 адам - канааттандыраарлык абалда;- 1109 - орто оордукта;
- 476 - оор абалда;
- 85 - өтө оор абалда жатат.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 2551 адамдын бар экени айтылды.