Вице-премьер-министр: Электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн
- 16.12.2020, 16:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Электр энергиясын колдонуу боюнча коюлган чектөөлөр бир да аймакта сакталбай жатканына байланыштуу өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралганын вице-премьер-министр вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард кубометрди түзөт. Кечээ электр энергиясын колдонуу 67 миллион киловатт-саатты түздү. Электр энергиясы 7-10 миллионго көп колдонулууда. Көмөк чордондорго күч келип, кызып кетип жатат. Ошондуктан автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн», - деди ал.