УКМК: "Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кармалды"
- 16.12.2020, 12:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМКдан Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары "А.А.М." кармалганы кабарланды.
"
2020-жылдын 15-декабрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылган маалыматта.
УКМК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жаткандыгын да билдирди.