Объездди жаап. Ак-Жар конушунун эли свет күндө өчө бергенинен нааразычылык акциясына чыгышты
- 15.12.2020, 20:05,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин четинде жайгашкан Ак-Жар конушунун тургундары ушу тапта айланма жолду (объездной) тороп, унааларды өткөрбөй жатышат.
Буга сууктун күнүндө кудайдын кутту күнү светтин белгисиз себептер менен өчө бергени түрткү болууда дейт видеого тартып жаткан күбөлөрдүн бири.
Видеодон жолдун ортосундагы топтошкон элди, кара түтүн каптаган өрттү жана МАИ кызматкерлеринин унаасын көрүүгө болот. Күбөнүн айтымында отту эл атайын жагып жатат жана МАИ кызматкерлери элди токтотууга аракет кылып бирок азырынча эл суукка карабай таркай элек.