У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө заманбап айланма жол курулат. Каражат каяктан келет?


Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 131,25 миллион сауд риалы (35,00 миллион доллар) суммасындагы кредиттик каражатты жылына 1 пайыз менен 25 жылга берүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter