Үйлөнгөндө кайнатам жер тилкесин белек кылган, үй салгам, ажырашканда эч нерсем жок калдым
- 15.12.2020, 14:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Адам баласына сыноо мезгил-мезгили менен берилип турат окшобойбу. Жаштайымдан жетимдиктин зарын тартып чоңойдум. Атам эрте эле каза болуп калгандыктан апам иним, карындашым үчөөбүздү итче тиштеп жүрүп бакты. Билим берди, окутту-чокутту. Калганын өзүбүз жасап кетүүгө аргасыз болдук. Атамдын үйүндө кичүү иним калды.
Мен Бишкекке келип тери заводунда иштеп жүрүп, келинчегим менен таанышып калып баш коштук. Кайнатам бизге караганда жакшы турган, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп пенсияга чыккан киши экен. Келинчегим үйдүн жалгыз кызы болгондуктан эч нерседен кем кылбай каралашып турчу. Экөөбүз үйлөнгөндө белек кылып Бишкектин четинен жер тилкесин берген. Атам жок жетим өскөн мендей байкушка бул чоң белек болду, билек түрүп иштеп, кайнатам жардам берем десе олбой намыстанып өзүм үй салдым.
2 кыздуу болдук. Турмушубуз жакшы эле өтүп жаткан. Бара-бара келинчегим үстөмөндөп сүйлөп, атам жардам бербесе эч нерсең жок болмок, атам минтип, атам антип деп эле мени басмырлаган адат тапты. Кийинчерээк мен мындай басынтууга чыдай албай кеткенде уруша баштадык. Ошентип сенин апаң эч нерсе алып келген эмес деп бир туугандарыма, апама чейин асылып жатып акыры ажырашууга чейин жеттик. Жерди кайнатам келинчегиме жаздырып берген. Үй салганда деле арам оюм жок келинчегиме жаздыргам. Ажырашканда ошончо жыл салган үйүмө ээ боло албай кала бердим. Кыздарга алимент жаздыртышты. Ушунча жыл убактымды ошол үй салганга, мени түшүнбөгөн келинчегиме коротпой, өз алдымча үй салсам болмок экен. Кыздарыма барып турам, азыр жашоомду кайралан нөлдөн баштап жатам...