У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атам кайтыш болоору менен келинчегим атамдын үйүн тезирээк өзүңө жаздыр деп жатат...


Атам 58 жашында кайтыш болуп калды. Апам 55 жашта. Үч карындашым бар, үйдө жалгыз эле уул менмин. Атам каза болгонуна аз эле убакыт болду. Баш аягыбызды жыйгыча эле келинчегим атамдын үйүн өзүңө жаздыр деп жанымды койбой жатат. Биринчиден апам бар, үй апама калат, апам кааласа бизге жаздырып берет, жалгыз эле уулу болсом кантип үйдү мага бербесин. Мындай ойлорумду айтып келинчегиме түшүндүрсөм болбой эле үй маселесин чечип алалы, апам ачуусу келсе кыздарына берип койбосун деп айтууда. Балким келинчегимдики туурадыр, ошентсе да атамдын жерге берилгенине жарым жыл өтпөй үй талашканым туура эмес көрүнүш.

2 карындашым бойго жетип турмуш куруп кетишкен. Кичүү карындашым эле турмушка чыга элек. Ушул кезге чейин карындаштарым бизге жүгүн арткан эмес, ар кимиси өз оокатын кылып жүрүшөт. Апам болсо атам кайтыш болгондон бери кичүү карындашымдын жанында көбүрөөк болуп, шаарда кыздарыныкында жашап жатат. Айылда чоң үй, атамдын чакан бизнеси, айдоо талаалары, мал-жаны, баары калды. Келинчегим мугалим, мен болсо атамдын ишин улантып, айыл чарба иштери менен алекмин. Апам үйдүн документтерин жакында бүтүрөм, атаңдан дароо мага өтөт экен, 6 айга чейин документ иштерин жыйынтыктабасак болбойт деп даярданып жатат. Келинчегим болсо апаңан суранып дароо эле өзүңө жаздырып албайсыңбы деп тынчымды алууда. Атымды атагым келбейт, жөн гана элдин пикирин билүү максатында силерге кайрылдым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter