У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сасык тумоо менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу 2, 4эсеге аз


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сасык тумоо оорусу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге аз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, салтка айланган сасык тумоо декабрдын аягында - январдын башында болот. Эмдөө профилактикалык иш-чара катары колдонулат. Быйыл 900 миңден ашуун адамды эмдөө пландалууда.
 
«Планга ылайык, сентябрь айынан ноябрь айына чейин тобокелдик тобунан 284 миң 188 адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөн. Үчүнчү этапта дагы 550 миң доза сасык тумоого каршы вакцина алынды. Ал бардык район-шаарларга таратылат. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Бишкек шаарында тобокелдик топторунун арасында эмдөө жүрүп жатат», - деди министрдин орун басары.
 
Ошол эле учурда ал калкты эмдөөдөн өтүп, этият болууга үндөдү, анткени бир эле мезгилде тумоону жана коронавирусту жуктуруп алуу өтө кооптуу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter