У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бөлөсүн зордуктап, муунтуп өлтүргөн жаран 17 жылга соттолду


Бишкекте өзүнүн бөлөсүн зордуктоого жана өлтүрүүгө айыпталган жаран 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук прокурорунун улук жардамчысы Бакыт Доктурбеков 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтканына караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. 
 
«Айыпталуучу достору менен кафеде спирт ичимдиктерин ичип мас болуп, көчөдө уктап калган. Ал ойгонуп, үйүнө келип, экинчи кабатка көтөрүлүп, бөлмөдө бөлөсүнүн уктап жаткандыгын көрөт. Бөлмөдө эч ким жоктугунан пайдаланып, кыздын кийимин чечип баштаганда, кыз ойгонуп кеттип каршылык көрсөткөн. Айыпталуучу анын оозун жууркан менен жаап, сабап салган. Андан кийин ал бөлөсүн зордуктап, муунтуп өлтүргөн», - деди Бакыт Доктурбеков.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter