Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары ууланып, ооруканага түшкөнү айтылды
- 09.12.2020, 10:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат тарады. Аны Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылууда. Баары тең түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Учурда окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталганы белгилүү болду.