У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Республика боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатышат

2020-жылдын декабрь айына карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, республика боюнча 289 мектепке чейинки билим берүү уюмдары реалдуу режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсеналиев билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 3 муниципалдык, 1 ведомстволук, 17 жеке менчик, Ош облусунда - 61 мамлекеттик-муниципалдык 18 жеке менчик, Баткен облусунда - 53 муниципалдык, 21 жеке менчик, Чүй облусунда - 18 муниципалдык, 43 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында - 52 жеке менчик жана 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишин жанданткан.  
 
Марат Үсеналиевдин айтканына караганда, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлору тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жайларды дезинфекциялоо жана санитардык-дезинфекциялык каражаттарды сатып алуу боюнча, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын толук кандуу иштөөгө даярдоо боюнча иштер улантылууда.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter