У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID-19дан каза болгон 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү


Кыргызстанда коронавирус жуккан 608 медицина кызматкерге 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30нун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.

«Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда», - деди Акматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter