Пакистан элчилиги Кыргызстанга 18 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам көрсөттү
- 07.12.2020, 10:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги тарабынанКыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 18 миң доллар, салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн керектүү дары-дармектерди жана медициналык коргонуучу каражаттар берилди.
Министрликке колдоо көрсөткөн Пакистан өлкөсүнүн элчиси Эрик Бейшембиев: "Бул биздин биринчи жардамыбыз эмес. Бүгүнкү гуманитардык жардам акыркысы эмес. Алдыда дагы жардам көрсөтө бермекчибиз", - деди.