У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төрөй алган жокмун, суррогат эне жалдасам жолдошумду кармай аламбы?


Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга туура 10 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта бала деп көзүм катып барбаган жерим калган жок. 2 жолу операция болдум. Бала күтүп жүрүп акыры үмүтүм өчүп бара жаткандай. Бала багып алалы десем жолдошум көнүлсүрөбөйт. Биз көп жыл сүйлөшүп, сүйүшүп баш кошкон жуптарбыз. Бишкекте өзүбүздүн жеке үйүбүз, жакшы кызматыбыз бар. Кээ бир үйү жок кыйналып жүргөн, бирок баласы бар аялдарга абдан суктанам. Кеп байлыкта эмес, кеп балада экен. Силер бактылуусуңар. Бала жок үйдө тунжурап жолдошум экөөбүздүн ортобуз да алыстап кеткендей. 

Жолдошумсуз жашоомду элестете албайм, анын башкага баш кошконун, балалуу болгонун элестетким келбейт. Ошол себептен азыр заман өнүгүп калганына байланыштуу 3 жолу эко процедурасы менен да боюма бүтүргөнгө аракет кылдым, бирок андан майнап чыккан жок. Көп ойлонуп мындай чечимге келдим, жолдошумду башкага бергенден көрө, суррогат эне жалдап балалуу болгум келет.

Жолдошум менен кеңеше элекмин. Билбей турам, балким ал төрөп берген аялды ээрчип кетсечи? Суррогат эне болчулар Казакстан, Россияда көп экен, кыргыздардан издегим келген жок, бирде болбосо бирде баламды талашчудай сезилет....Мага кеңеш керек, суррогат эне жалдасам жолдошум менден кетпейби?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter