У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдар үйүнөн бала багып алайын десем машакаты көп...


"Бала жытын жыттагым келет"
Мен да эл катары бала жытын жыттап, баланын ырхатын сезгим келет. Турмушка чыгып 8 жыл жашадым. Бирок төрөй алган жокмун. Бул аралыкта эмне деген гана кемсинтүүлөрдү уккан жокмун. Акыры өзүмдү да, башканы да кыйнабаш үчүн кетип калдым. Болгон күчүмдү иштен чыгарып, жумуш менен гана алектенип жаткам. Тилекке каршы кыйчалыш кырдаалдан улам үйдө отуруп калганга байланыштуу жалгыздыгым сезиле баштады. Жолдошум мен кеткенден кийин бир жылбай келип жүрдү да, кийинки жылы үйлөнүп алды. Балалуу болсо керек...

"Балдар үйүнө барып ыйлап келдим..."
Балалуу болгум келди... Көп дарыландым, бирок болгон жок. Акыры бала багып алалы деп жолдошумдан сурансам эмнегедир көңүлсүрөгөн эмес. Ажырашкандан кийин өзүм эле багып алайын деген чечимге келдим. Бирок азырынча батирде жашайм, туруктуу үй-жайым жок, анын үстүнө жалгыз боймун. Бала багып алайын деп балдар үйүнө барып ыйлап келдим. Балдардын жоодураган көздөрүндө энеге, атага болгон кусалыкты сөз менен жеткире албастырмын. Азыр да ушул катты ыйлап жазуудамын. Алар ушунчалык сулуу балдар экен. Баарын эле алып кеткиң келет. Эмнеге ушундай балдарын таштап кетишти экен? Алардын ата-энелери азыр кантип тынч уктап жатты экен? Кудайдан тилеп балага жетпей жүрсөк...

"Мага бала багып алууга уруксат беришкен жок..."
Мен канчалык балдарга үзүлүп түшкөнүм менен мага бала багып алууга болбойт экен. Биринчиден социалдык абалым талапка ылайык эмес экен. Экинчиден жалгыз бойлугум да маселе жаратат экен, буга кошумча көптөгөн документ иштеринен башың айланат экен. Мен бул системага абдан капа болуп кайттым. Эмнеге жеңлилирээк жолун ойлоп табышкан эмес? Телегейи тегиз, үй-жайы бар, акчалуу адамдар эле багып алышы керекпи? Ошолор багып жатышабы анан? Эмнеге зарылгандарга, чындап асырайм дегендерге беришпейт? Менде суроо көп...
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter