У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жер ресурстары агенттигинин алдындагы ишкананын директору коррупцияга шектелип кармалды


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, иликтөөнүн алкагында системалуу түрдө акча жыйноо фактысына тиешеси бар адамдарды аныктаган.

Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter