У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Сосновка», «Кара-Көл» постторунун башчылары коррупцияга шектелип кармалды

Ош- Бишкек авто жолундагы коррупцияга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору жана «Сосновка», «Кара-Көл» постторунун башчылары коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу 11-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык,Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясында ири коррупциялык схема аныкталды. Аталган иш боюнча жалпы коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды.
 
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын болжолдуу эсеби 20 млн. сом деп айтылууда.
 
Финансы полициясы билдиргендей учурда бул жемкорлук ишке тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter