У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте дагы 40 жерге "Коопсуз шаардын" камералары коюлат


Бишкекте дагы 40ка жакын жол кесилишине "Коопсуз шаардын" камераларын коюу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, азыркы учурда тийиштүү адистер камера орнотула турган кесилиштерди карап, изилдөөдө. Аппараттар кайсы кесилиштерде пайда болору маалыматта айтылган эмес.

Эске салалы, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Мында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюлат. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулары, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера боло турганы кошумчаланды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter