"Каркыра" чек ара бекети март айына чейин жабылды
- 01.12.2020, 10:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" чек ара бекети 30-ноябрдан тартып 1-мартка чейин жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара бекетинин жабылуусуна аба-ырайынын кескин начарлашы себеп болгон. Ошондой эле тараптар чек ара бекетинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн чек ара бекетинин ишин убактылуу токтотушту.