Ош шаардык кеӊешинин депутаты китепканаларды жоюну сунуштады
- 30.11.2020, 14:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаардык кеңешинин депутаты шаардагы китепканаларды жоюну сунуштады. Бул тууралуу журналист Мимоза Жаныбек кызы фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Китепканаларды жоюш керек дейт. Мунун демилгечиси Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков»-, деп жазды Мимоза Жаныбек кызы.
Маалыматка ылайык, мындай сунушту Ош шаардык кеӊешинин депутаты Абдисаит Каримбеков бүгүн 30-ноябрда шаардык кеӊештин жыйынында киргизген. Ал китепканаларды электрондук форматка өткөрүү керектигин айткан. Жыйынга катышып жаткан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов депутаттын сунушуна каршы болгон.