У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча төрт мамлекет менен макулдашуулар болду


Кыргызстандын тышкы карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча төрт мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.
Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.
Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter