У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди


Кыргыз өкмөтү өлкөдө коомдук иш-чараларды өткөрүүгө 1-декабрдан тарта расмий түрдө уруксат берет. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, кийинки айдан тарта экономикалык чектөөлөр жөнүндөгү өкмөттүн 17-октябрдагы токтому күчүн жоготот.
  • Ал документте төмөнкү жайлардын иштөөсүнө чектөө коюлган:
  • Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскертүү иш-чараларына;
  • Көңүл ачуучу жана оюн-зоок мекемелерине;
  • Соода борборундагы оюн зонасына;
  • Кинотеатрларга;
  • Интернет-клубдарга;
  • Коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан көп отурууга.
Ошондой эле Сурабалдиева мындан ары ар бир регион жана облустун бийлик башчылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чектөө же уруксат берүү боюнча чечим кабыл аларын эскертти.

Ошондой эле Сурабалдиева Жаңы-жылдык кечелерге тыюу күчүндө кала берерин  эскерткен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter