У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


100 миң долларлык инвестиция жасаган чет элдик жарандарга кыргыз жарандыгын берүү сунушталып жатат


Кыргызстанга 100 миң долларлык инвестиция жасаган чет элдик жарандарга кыргыз жарандыгын берүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбоорду депутат Дастан Бекешев жазып, документ коомдук талкууга коюлду. Андагы маалыматка караганда, бир катар мамлекеттерде "Инвестициялардын ордуна жарандык" деген программа иштеп келет. Аны Кыргызстанда дагы ишке ашырууга болору белгиленди.
 
"Бул мыйзам долбоор инвестициялардын ордуна чет элдиктерге Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү механизми аркылуу Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн акча топтоо максатында иштелип чыкты", — деп айтылат документте.
 
Ага ылайык, Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн каражатты аккумуляциялоо боюнча атайын эсепке 100 миң доллар төлөгөн чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Буга окшош мыйзамдар бир катар өлкөлөрдө бар экени белгиленген. Мисал катары Сент-Китстеги жарандык боюнча эрежелер келтирилген.



 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter