У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай бийлиги жарандарына көп балалуу болууга уруксат берет


Кытай бийлиги калктын санын көбөйтүү максатында 1978-жылдан бери карманып келген "бир үй-бүлө - бир бала" саясатынан баш тартаарын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда Пекинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин демографиялык саясат жүргүзүү күтүлүүдө. Аталган саясат балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүүгө багытталат.

"Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты  2016-жылы жеңилдетилип, бир үй-бүлөгө 2 балалуу болууга уруксат берилген. Буга карабастан акыркы жылдары балдардын төрөлүшүнүн саны кескин кыркарып кеткен.

"Калктын улгайып кетишине каршы күрөшүү үчүн тез аранын ичинде үй-бүлөдө балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter