У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду майыптыгы бар инсандар үчүн 70 орундуу жатакана куруп берди


Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.


Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырган.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мекемеде 207 майыптыгы бар адам жашайт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter