У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 26 мектеп куруп жатат


Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен Кыргызстанда 26 мектеп курулуп жатат.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, Сауд өнүктүрүү фонду менен КРнын өкмөтү ортосунда 2017-жылдын 17-майында Кыргызстандын аймагында 27 мектептин курулушу боюнча келишим түзүлгөн.

“Мектептер ар бир облуста курулуп жатат. Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо жүрүүдө. 26 мектептин курулуш иштери башталды, ал эми бир мектептин документтери Сауд Аравияга макулдашууга жөнөтүлгөн. Келишим боюнча мектептер 2021-жылы бүтүш керек. Бирок, ага карабастан быйыл 5-6 мектепти бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз”, – дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter